Токаевдин жеңишинен кийинки Казакстан. Тышкы саясаты кандай нук алат?

Бүгүн, 26-ноябрь күнү, Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өтөт. Саясат таануучулар Казакстандын тышкы саясатына саресеп салышкан.
Sputnik
Касым-Жомарт Токаев Казакстанда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Өлкө БШКсы шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, азыркы мамлекет жетекчиси добуштардын 81,31 пайызына ээ болгонун жар салды. 6,4 миллион казакстандык добуш берген Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрга белгиленген.
Эксперттер өлкө башчы ишке киришкенден кийин Казакстандын саясаты өзгөрөр-өзгөрбөсүн айтып беришти. Эскерте кетсек, жакында Конституцияга киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык Казакстандын президенти жети жылга, бирок бир мөөнөткө гана шайланат.

Сөзүнө бекем

Казакстандык саясат таануучу, Чек аралык кызматташуу ассоциациясынын эксперти Марат Шибутовдун айтымында, Токаев бийликте турган мезгилинде айткан убадасынын өтөсүнө чыгарын көрсөтүп келди.
Казакстандык саясат таануучу, Чек аралык кызматташуу ассоциациясынын эксперти Марат Шибутов
"Буга чейинки кайрылууларында айткандарынын баары ишке ашты. Демек, шайлоо программасындагы тезистер улам бир баскыч менен аткарылат деген ишеним бар. Биздин саясий системада көп нерсе жасалды, реформанын бул вектору, башкача айтканда, либерализация жана демонополизация улана бермекчи. Башкысы туруктуулук болушу керек. Мыйзам кабыл алып коюу жетишсиз да, аны ишке ашыруу зарыл. Элдин Казакстанда жакшы жагына өзгөрүү болот деген ишеними бар", — деди Шибутов.
Ал өлкө ичинен бир топ өзгөрүүгө дуушар болгону менен тышкы саясаты өзгөрбөй турганын белгиледи.
"Россия жана Кыргызстан менен болгон мамилесинде география чоң ролду ойнойт. Ооба, Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында, экономикалык кызматташуусунда пикир келишпестик бар. Бирок бул маселелер бажы төлөмдөрү төлөнбөй жаткандыктан чыгып жатат. Каражат ЕАЭБдин жалпы фондуна кетип, өлкөлөргө бөлүштүрүлөт эмеспи. Демек, эгер кайсы бир мамлекет масштабдуу аткезчиликке жол берген болсо, башкалардын үлүшүн өзүнө ыйгарып жүргөнүн түшүндүрөт.
Бирок бүгүнкү күндө дагы көйгөй жаралды, бул — Россияга импорттун бөгөттөлүшү жана мындан улам параллель импорт процессинин өнүгүшү. Бул жагынан алганда бажы төлөмдөрү экинчи планга өтүп, сооданын өзү жана Россияга түз жетпей жаткан товарлардын катарын толуктоо артыкчылык берилчү багыт болуп турат. Анан, албетте, өзгөчө мааниге ээ геосаясий абалды да көз жаздымда калтырбаш керек. Мындан улам, менимче, чек арада мурункудай масштабдуу маселе жаралбайт, майда-бараттары ошол жерден эле тез арада чечилип турат", — деди эксперт.
Анын айтымында, дүйнөдөгү олку-солкулукка карабастан Казакстан Токаев белгилегендей көп багыттуу саясат жүргүзөт.

Кызыкчылыктардын чордонунда

Казакстандын көп векторлуулугу тууралуу кыргызстандык саясатчы Шерадил Бактыгулов да ой бөлүштү. Ал январь окуялары учурунда Токаев өзүн жогорку деңгээлдеги тажрыйбалуу саясатчы жана стратег экенин көрсөткөнүн белгиледи.
Кыргызстандык саясатчы Шерадил Бактыгулов
"Кыска убакытта ар кызыкчылыктагы топторду бириктирип, куралдуу кагылышууларга жол бербей, тышкы саясатта нейтралитетти сактап калды. Казакстандын тышкы саясаты тууралуу кеп кылып жатып бул аймагы, потенциалы жана элинин саны боюнча бир топ чоң мамлекет экенин эстен чыгарбаш керек. Демек, талаша турган нерсе бар. Январь окуялары дал ушул көмүскө күчтөрдүн каршылашуусунун натыйжасы болуп калды. Буга геосаясий кысымды кошолу. Батыш мамлекеттери, Россия өз көйгөйүн чечүүдө Казакстанды өз таасирине алууга аракет кылып келишет. Кээде кадимкидей эле соода жүрөт, мисалы, Евробиримдик Казакстандын Россия менен кызматташуусун токтоткондон кийинки чыгашасынын ордун толтуруп берүүнү убадалаган. Андыктан азыр бийликтин алдында өлкөнүн туруктуулугун сактоо жана экономикалык каатчылыктын кесепетин жеңилдетүү сыяктуу маселелер турат", — деди Бактыгулов.
Анын айтымында, буга чейин президент Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн тышкы саясаты тууралуу айтып жатып Казакстан көп багыттуу саясат жүргүзүшү керектигин белгилеген.
"Бул азыр каршылашып жаткан АКШ, Россия жана башка ири оюнчулар менен болгон мамилеге да тиешелүү. Ал эми Борбор Азияда Казакстан Европага көбүрөөк ыктаган мамлекет болгондуктан региондогу мамлекеттер менен алакасы эки тараптуу негизде түзүлөт", — деди саясат таануучу.
Эксперт анткен менен жамааттык Батыш Казакстанда Россия боюнча көз караш өзгөрсө Борбордук Азиянын башка мамлекеттеринде да маанай өзгөрөт деген ишенимде экенин айтты.
"Бирок бул оңой эле ишке ашып кете турган нерсе эмес, ошентсе да кой маарек тартып отура бергенибиз жарабайт. Көйгөй аткаруучулардын, тигил же бул долбоорлорду ишке ашыргандардын деңгээлинде башталат. Саясий деңгээлдеги кызматташуу жакшы, ал эми аткаруучулук баскычта коррупция, иштемиш, жасамыш болгон чалпоолук өнүгүүдө. Бул батыштын да, постсоветтик өлкөлөрдүн да долбоорлоруна мүнөздүү көрүнүш. Эң кейиштүүсү, Борбордук Азиянын кызыкчылыгы такыр эле эске алынбай жатат. Бир ирмемдик жана конъюнктуралык кызыкчылыктар болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек, бирок алар өлкөлөрдүн өз ара пайдалуу кызматташуусун арттыруу эмес келечекте саясат менен бизнесте ээлеген позициясын колдон чыгарбоо үчүн пайдаланылат. Демек, Кыргызстан менен Казакстан прагматикалык жана узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын эске алып мамилесин бекемдеши шарт", — деди Бактыгулов.

Жаңы үмүт

Россиялык саясат таануучу Никита Мендкович Казакстан менен Россиянын алакасы туура нукта өнүгөрүнө үмүт артты.
Россиялык саясат таануучу Никита Мендкович
"Президент Токаев элдин ишенимин акташы керек. Калк социалдык-экономикалык кыйынчылыктан, коомчулуктагы теңсиздиктен жана тышкы саясаттын олку-солкулугунан чарчады. Өлкө башчы буга чейин кайра шайлангандан кийин иреттүү саясат жүргүзүп, президенттин жарлыктарын дээрлик көз жаздымда калтырган министрлер кабинетиндеги саботажга чекит коёрун билдирип келген. Элдин ишеними аталган көйгөйлөрдү чечип, союздаштар менен, өзгөчө Россия жана Кыргызстан менен алаканы чыңдоого жана эң башкысы абалды турукташтырууга мүмкүнчүлүк берет деген пикирдемин", — деди саясат Мендкович.
Кыргызстан менен Казакстандагы президенттик шайлоонун 7 айырмасы