Токаев президенттикке расмий киришип, дагы 7 жыл иштемей болду

Кезексиз шайлоодо учурдагы президент добуштардын 81,31 пайызын алган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Касым-Жомарт Токаев ант берип, Казакстандын президенти кызматына расмий киришти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Мамлекет башчы антты мамлекеттик тилде берген. Инаугурацияга парламент депутаттары, Конституциялык кеңештин мүчөлөрү, Жогорку Соттун судьялары, ошондой эле Казакстандын экс-президенти катышкан.
Токаев өз сөзүндө коңшу мамлекеттер менен кызматташуу, анын ичинде Россия жана Кытай менен бекем алакада болуу Казакстан үчүн артыкчылыкка ээ экенин кошумчалады.
Кезексиз шайлоодо учурдагы президент добуштардын 81,31 пайызын алган. Бул өнөктүккө добуш берүүгө укуктуу болгондордун ичинен 69,44 пайызы келген.
Ал эми 2019-жылы өткөн президенттик шайлоодо Токаев 70,96 пайызга ээ болгон.
Президенттик шайлоо өткөн жекшембиде, 20-ноябрда, өттү.
Токаевдин жеңишинен кийинки Казакстан. Тышкы саясаты кандай нук алат?