Бийлик түрк компаниясы иштеткен Терек-Сай кенин мамлекетке алууга белсенди

Кенди быйыл ишке киргизүү пландалып жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Чаткал районундагы Терек-Сай алтын кенин мамлекетке алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров курултайда билдирди.
Ал жакында эле адистерден турган комиссияны Чаткалга жибергенин белгиледи.
"Эти Бакыр Терексай" ишканасы менен кенди 100 пайыз мамлекетке алабыз деп алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Лицензиясында кендин аймагына 60 үй кирип калган экен, 40ы башка жакка көчүүгө макул болуп, 20сы кетпей жатыптыр. Заманбап айыл куруп берели десе да макул болбой жатат. Эгер кенди мамлекетке алып калсак, эл менен сүйлөшүп өзүбүз чечебиз", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан.
"Эти Бакыр Терексай" ЖЧКсы — биргелешкен ишкана, капиталынын 25 пайызы "Кыргыз алтын" ишканасына, 75 пайызы "Эти Бакыр" түрк компаниясына тиешелүү. 2015-жылы лицензия алып, алтын казууга даярдыкты баштаган, алтын ылгоочу фабрика курган. Быйыл ишке киргизүү пландалып жаткан.
Өз кезегинде жергиликтүү тургундар экология бузулганын, үйлөрдү көчүрүү талабы коюлганын айтып ызы-чуу чыгып келген.
Жапаров Ширшов убадалаган 200 млн. долларды алууга 10 жыл кетерин айтты