Жапаров Россияда камалган 900 кыргызстандыкты котортуп келүүнү убадалады

Башкы прокурор Курманкул Зулушев бул маселе менен иштеп жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Россиянын абактарында отурган бардык кыргызстандыктарды мекенине которуп келебиз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Курултайда делегаттарга жооп берип жатып айтты.
Мамлекет башчынын айтымында, Россияда 900гө жакын мекендеш камакта жатат.
"Мурда миңден ашык болчу, 148и которулуп келди окшойт. Жаңы жылдан бери башкы прокурор Россиянын башкы прокурору менен иштешип жатат. Баарын, 900үн тең чогултуп туруп алып келели, жазасын бул жактан өтөсүн деп жатабыз", — деди президент.
Мигрант делегат өспүрүм уул-кыздарды Россияга жалгыз жөнөтпөөнү суранды