Радио

Арстанбеков: учурда иштеп жаткандар пенсионерлерди камсыздоодо

"Кыргызстан" топтомо пенсиялык фондунун байкоочу кеңешинин төрагасы Акылбек Арстанбеков жарандар пенсиясын жеке топтомо фонддордон алса болорун белгиледи.
Sputnik
Учурда иштеп жаткандар пенсионерлерди камсыздоодо. Бул жерден аз төлөгөндөр да, көп төлөгөндөр дагы бирдей пенсия алып жатат. Бул тууралуу Акылбек Арстанбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир жаран өзүн-өзү пенсия менен камсыздай турган системага өтүү зарыл.
"Өлкөдө пенсия алуу же топтоо системасынын үч түрү бар. Тилектештик түрүнө ылайык, учурда иштеп жаткандардын эсебинен пенсионерлер камсыздалат. 2010-жылы мыйзам кабыл алынып, ошондон тарта маянадан милдеттүү түрдө эки пайыз кармалат. Жалпы 10 пайыз кармалат. Анын сегиз пайызы шарттуу түрдө топтомо бөлүгүнө кетет. Ал эми эки пайыз ар бир жарандын жеке эсебине түшөт. Мындан тышкары, ыктыярдуу түрү бар. Ага ылайык жарандар келишим түзүп, ачкан эсебине топтоп, келечекте ошону пенсия катары алса болот. Биздин пенсиялык топтомо фонд 1994-жылы лицензия алып, ишмердүүлүгүн баштаган. Алгач ыктыярдуу түрдө келишим түзгөндөр менен иштеп, учурда 2500дөн ашуун пенсионер бар. Ал эми 2010-жылы милдеттүү топтомо бөлүгү киргенден тарта алар менен да иш алып барып жатабыз. Ал үчүн жаран пенсиялык топтомо фонду менен келишим түзөт. Анткени мыйзамда жарандар жеке же мамлекеттик фонддон пенсиясын алса болору каралган. Келишим түзгөндөн кийин жашаган жери боюнча Соцфонддун бөлүмүнө арыз менен кайрылат. Пенсиялык топтомо фонд ал жарандын каражаттарын инвестицияга салып көбөйтөт. Жаранга жыл сайын анын каражаты канчага көбөйгөнү тууралуу отчёт жиберилип турат", — деди Арстанбеков.
Ошондой эле ал топтолгон каражатты мураска калтырса аны ипотеканын баштапкы төлөмү үчүн же ооруга чалдыкканда алса болорун кошумчалады.