Украинаны каптаган караңгылык. NASA тарткан сүрөт

Буга чейин Киевдин калк жашаган аймактарынын 70 пайызында электр энергиясы өчкөнү айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Американын космостук агенттиги NASA түндө жердин үстүңкү бетин спутниктен сүрөткө тартты, анда Украина капкараңгы болуп калганын көрүүгө болот.
24-ноябрда тартылган сүрөттөн Украинаны дээрлик караңгы каптап, айланасындагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Россиянын аймагында жаркыраган тактар турганын көрүүгө болот.
Украинанын Энергетика министрлиги шейшембиде Россиянын аскердик соккусунан улам бардык АЭС, жылуулук электр станциялары менен ГЭСтин көпчүлүк бөлүгү убактылуу иштебей, эл жарыксыз калганын маалымдаган.
Россиянын Коргоо министрлиги 23-ноябрда Украинанын аскердик башкармалыгы жана ага байланыштуу болгон энергетикалык объектилерге массалык сокку жасалганын, белгиленген бардык объектилер андан жабыркаганын билдирген. Мекемеден сокку Киев шаары боюнча жасалбаганын, шаардагы кыйроолор Украинанын калктуу кварталдарында жайгашкан абадан коргонуучу ракеталардын кулагандыгынан болуп жатканын белгилеген.
Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын инфраструктураларына соккуну 10-октябрда, тактап айтканда, Крымдагы көпүрө жардырылгандан кийин баштаган. Россиялык бийликтин айтымында, бул терактынын артында украиналык атайын кызмат турат. Сокку энергетика, коргонуу өнөр жайлары, аскердик жана байланыш түзүмдөрү боюнча объектилерге жасалууда. 15-ноябрдагы соккудан кийин Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль өлкөнүн энергетикалык системасынын дээрлик жарымы иштен чыкканын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевден балдар менен карыларды чыгарып кетүү каралууда