Экс-премьер Марипов Египет менен Бахрейнде да элчилик милдетти аткарат

Марипов өкмөттү былтыркы жылдын февраль айынан октябрына чейин жетектеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Бахрейн менен Египетте да өкүлчүлүк кызматты аркаламай болду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, Марипов 2021-жылдын февраль айынан октябрына чейин министрлер кабинетин жетектеген. Ага чейин Эсеп палатасынын төрагасы болчу.
Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп Азизбек Мадмаров дайындалды. Эмгек жолу