Кытайда СOVID-19 жуктургандардын саны үч күндөн бери рекорд коюуда

Бейтаптардын көбү вирусту симптомсуз өткөрүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кытайда пандемия башталгандан бери коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны акыркы үч суткада рекорд коюуда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Аймактын саламаттык сактоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, акыркы суткада 35 183 кишиден вирус чыккан. Көбү ооруну симптомсуз өткөрүүдө.
Ал эми бейшемби күнү инфекция 31 656 адамдан, жума күнү 32 943 бейтаптан аныкталды.
Акыркы жолу Кытайда антирекорд ушул жылдын апрель айында катталган. Анда Шанхайда бир суткада 29,4 миңден ашуун адам вирус жуктурган.
Пандемиядан бери Кытайда жалпы жонунан COVID-19 инфекциясынын 304 093 учуру катталып, 5 232 адам көз жумган.
Коронавирусту кайра жуктургандар дартты оор көтөрөт. Жаңы иликтөө