Радио

Жуманазаров: кийинки "Караван Экспо" май айында Борбор Азия боюнча өтөт

Жеке ишкер, Expo Development компаниясынын негиздөөчүсү Темирлан Жуманазаров "Караван Экспо 2022" иш-чарасында жетишилген келишимдер тууралуу айтып берди.
Sputnik
17-ноябрдан 19-ноябрга чейин Москвада өткөн "Караван Экспо 2022" аталышындагы кыргыз товарларынын жана кызматтарынын биринчи көргөзмөсү жалпы суммасы 10 миллиард рублдик ондон ашык ири келишимдерге кол коюу менен аяктады. Бул тууралуу Темирлан Жуманазаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Россия Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү болгондуктан биринчи иш-чара дал ушул мамлекетте өткөрүлдү.
"Караван Экспо 2022" жарманкесинин алкагында 40тан ашык ата мекендик компания россиялык потенциалдуу өнөктөштөргө жана кардарларга өз продукцияларын жана товарларын көрсөтө алды. Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө кыргызстандык товар жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап абдан жогору. Кыргыз ишкерлеринин арасынан өнөктөш издөө үчүн түрдүү бизнес сегменттеринин өкүлдөрү келишти. Алсак, бизнесмендер, Москва ишкерлер ассоциациясынын, Евразиялык кызматташтыктын Финансылык бизнес ассоциациясынын, ошондой эле Россиянын жеңил өнөр жай биримдигинин өкүлдөрү катышты. Россия Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү болгондуктан биринчи иш-чара дал ушул мамлекетте өткөрүлдү. Маселен, жеӊил өнөр жайы акыркы эки-үч жылдын ичинде абдан жакшы өнүгүп жатат. Ал эми негизги кардар Россия болуп саналат. Чоң маркетплейстердин, жеткирүүчүлөрдүн суроо-талабы масштабдуу. Ошондуктан биз азыр Кытай менен Түркияга кандайдыр бир альтернатива болуу үчүн жигердүү иштешибиз керек. Иш-чара жалпы суммасы 10 миллиард рублдик ондон ашык (жеӊил өнөр жай, агрочарба тармагы боюнча) ири келишимдерге кол коюу менен аяктады. Көргөзмөнүн негизги максаты — акча табуу эмес, катышуучулар менен жумушчу байланыштарды чыңдоо. Андыктан иш-чаранын жүрүшүндө ар бир катышуучу менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койдук, башкача айтканда, келечекте алар менен дагы да иштешебиз", — деди Жуманазаров.
Ал кийинки 5-6 мамлекеттин катышуусундагы борбор азиялык "Караван Экспо" көргөзмөсү 2023-жылдын май айында өткөрүлөрүн кошумчалады.