Министрлик үч көлмөнү балык чарбачылыгы үчүн пайдаланууга сынак жарыялады

Сынакка катышуу үчүн арыздар 2022-жылдын 12-декабрына чейин кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги үч көлмө балык чарбачылыгын жүргүзүү үчүн сынак аркылуу бериле тургандыгын маалымдады. Билдирмеге ылайык, сынактан өткөн тараптар келишим түзүү менен суу объектилерин балык өстүрүү, балык уулоо жана балык өндүрүү багытында пайдалана алат.
"Сынак аркылуу бериле турган көлмөлөр — Панфилов районундагы "Пучук-1" суу сактагычында, балык чарбачылыгы 60 гектар, Токмок шаарындагы Токмок-2 көлмөсү, балык чарбачылыгынын аянты 12 гектар, Тоң районундагы Кош-Кара-Көлдөгү чарбачылык аянты 1,2 гектарлык көлмө", — деп айтылат маалыматта.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:
арыз;
паспорттун көчүрмөсү;
юридикалык жактын уставынын көчүрмөсү;
юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
Салык кызматынан маалым кат;
Социалдык фонддон маалым кат;
Балык чарбачылыгы боюнча бизнес-план.
Сынакка катышууну каалаган юридикалык жана жеке жактар сынактын уюштуруучусуна Бишкек шаары, Киев көчөсү 96-а дарегинде жайгашкан имараттын 6-кабатындагы 605-кабинетке кайрылса болот. Байланыш телефону 66-02-21. Арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү — 2022-жылдын 12-декабры.
Радио
Акпаралы уулу: балык былтыркыга салыштырмалуу 145%га көп өстүрүлдү