Улуттук банктын алтын кору 14,2 млрд. сомго өстү

Алтын корунун бүгүнкү наркы 57,7 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын июль айынан берки рекордго жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. КР Улуттук банкынын алтын корунун наркы октябрь айында 14 миллиард 219,9 миллион сомго көбөйдү.
Мекеменин сайтында көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, октябрдын башында алтын запасынын наркы 43 миллиард 482,2 миллион сомду түзгөн. Ноябрь айынын башында бул көрсөткүч 57 миллиард 702,1 миллион сомго жетти.
Кабарда алтындын кору эмненин эсебинен көбөйгөнү айтылган эмес.
Өткөн жылдын май айында Улуттук банктын алтын запасынын баасы рекорддук көрсөткүчкө чыгып, 99 миллиард сомдон ашкан, ал эми сентябрь айында кайра 29 миллиард сомго азайып кеткен. Жакында эле Улуттук банк 2021-жылдын башында дээрлик 20 тонна алтын сатканын маалымдаган.
Алтын запасынын бүгүнкү наркы өткөн жылдын июль айынан берки рекорддук көрсөткүч. Анткени өткөн жылдын июль айынан бери алтындын запасынын наркы 57,2 миллиард сомдон аз болуп жаткан.
Алтын валютасынын кору (эл аралык валюталык резервдер) Улуттук банкка сомдун курсун кармап туруусуна өбөлгө түзөт. Резервдер ондогон түрдүү валюталардан, SDR (карыз алуу үчүн атайын укук — Эл аралык валюта фондунун резервдик жана төлөм каражаттары) жана алтындан турат.
Улуттук банктын кору бир айда канча өскөнү айтылды