Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин атайын операциянын катышуучуларынын энелери менен жолукту. Видео

Путин жолугушууда энелер айткан каалоо-тилектердин баары эске алына тургандыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Украинадагы атайын операцияга катышкан аскер кызматкерлеринин энелери менен жолукту. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Өлкө лидери жолугушуунун катышуучулары үчүн Энелер күнү (Россияда бул күндү ноябрдын соңку жекшембисинде белгилешет, бул жылы ал 27-ноябрга туш келет) камкордук, тынчсыздануу менен байланыштуу болорун айтты. Ал жеке өзү аскер кызматкерлери менен апалары аркылуу байланышарын айтып, алардын көпчүлүгү кайраттуулугу, тайманбастыгы менен аны таң калтырышканын белгиледи.
Президент атайын операцияда жакындарын жоготкон адамдардын аза кайгысын мамлекет тең бөлүшөрүн, аларга бийлик ар тараптуу колдоо көрсөтө тургандыгын айтты.
"Бүгүн айтылган сөздөрдүн баары эске алынып, аткарылышына аракет жасайм", — деди Путин.
Жолугушууга атайын операцияга катышкан россиялык 17 аскердин энеси ар кайсы аймактардан келди. Мисалы, Жарадат Агуева Чеченстандан, анын эки уулу — Исмаил Агуев менен Рустам Агуев атайын операция жүрүп жаткан аймакта.
Ал эми Рязандан келген салык инспектору Галия Суховскаянын жалгыз уулу Семен 4-ноябрда Украинанын Бучи шаарында каза болгон, артында аялы жана бир кызы калды. Семен Эрдик ордени менен сыйланып, ал апасына тапшырылды. Президент менен байланышып, сүйлөшүп жүргөн энелердин бири Старый Оскол шаарынан келген Елена Алексеева, анын эки уулу бар, кичүүсү Евгений сентябрда мобилизацияланган. Атайын операция өткөн аймакта ал оор жаракат алып, учурда Ростов-на-Дону шаарында ооруканада.
Суна Набиева жолугушууга Каспийден келген, уулу, танкачы Энвер Набиев эки жолу жаракат алып, кайрадан аскердик кызматын өтөөнү улантууда. Ага Россия Баатыры наамы ыйгарылды.
Отрадное муниципалдык аймагынын депутаты Ольга Бельцеванын уулу Сергей Архипов да атайын операция аймагына жөнөтүлгөн, кармашта жаракат алып, учурда дарыланууда. Архиповго Эрдик ордени ыйгарылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФте атайын операцияга катышкан ыктыярчылар согуш ардагери макамын алат