РФтин окуу жайы Талас менен Нарындагы мугалимдердин квалификациясын жогорулатат

Мындай курстарга башталгыч класстын педагогдору жана методисттери, химия, математика, физика, биология, орус тил мугалимдери катышмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Россиянын Герцен атындагы мамлекеттик педагогикалык университети Нарын менен Таласта билим берүү тармагында иштеген 250 кызматкердин квалификациясын жогорулаткан курстарды өткөрөт.
Россотрудничество уюштуруп жаткан иш-чара 28-ноябрдан 2-декабрга чейин болмокчу. Ага башталгыч класстын педагогдору жана методисттери, химия, математика, физика, биология, орус тил мугалимдери катышат.
"Аталган курстар "Россия — Кыргызстан: тил, предмет, билим" долбоорунун алкагында уюштурулууда. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча россиялык адистер уюштурган мындай масштабдагы иш-чара Нарын менен Таласта биринчи жолу өтүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Анда 12 адис лекция окуп, практикалык иштерди жасап, квалификацияны жогорулатуу боюнча 12 программанын негизинде мастер-класс көрсөтмөкчү. Ага Нарын менен Таластагы 30дан ашык мектептен 250 мугалим катышары күтүлүүдө.
Россия келерки жылы Кыргызстанга 150 мугалим жиберет