Тынч океан флотунун "Магадан" деп аталган суу алдында жүрүүчү кайыгы Япон деңиз түбүнөн "Калибр" комплексиндеги канаттуу ракеталарды учурду. Бул тууралуу РФтин Коргоо министрлиги өзүнүн Telergam-каналында маалымдап, видеосун жайгаштырды.
Аскердик машыгууларды аткарар алдында кеме Япон деңизинин белгиленген акваториясына кирип, ошол жактан бутага ракета учурган.
Биринчи ракета деңиздеги койгон максатына жетип, каршылаштын суу үстүндө жүргөн кемеси деп шарттуу түрдө алынган калкан-бутаны талкалаган.
Экинчи ракета Хабаровск крайындагы Сюркумдагы тактикалык талаага келип түшүп, белгиленген жерге тийген. Атуунун аралыгы миң чакырымдан көбүрөөк экени айтылды.
По теме: