Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Куралдуу күчтөрдүн продукцияларынын сапаттык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу зарыл

Мамлекет башчы Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүн керектүү нерселердин бардыгы менен өз убагында камсыз кылуу зарыл экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Президент Владимир Путин атайын аскердик операциянын жүрүшүндө Россиянын Куралдуу күчтөрүнө бериле турган продукциянын сапаттык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу зарыл экенин билдирди.
Ал видеоконференция форматында РФтин Куралдуу күчтөрүнүн, аскердик түзүлүштөрүнүн жана органдарынын муктаждыктарын канааттандыруу боюнча өкмөткө караштуу Координациялык кеңештин мүчөлөрү менен жыйын өткөргөн.
Мамлекет башчынын айтымында, Россиянын Куралдуу күчтөрүн керектүү нерселердин бардыгы менен өз убагында камсыз кылуу зарыл: экипировка, шаймандар, дары-дармек, аскер кызматкерлерине берилчү акча каражаттары, аскердик багыттагы курулуш иштери жана башкалардын бардыгы маанилүү.

"Албетте, бул атайын аскердик техникага да тиешелүү. Бирок аталган багыттардын ар биринде максаттуу тапшырмалар болуп, аларды өндүрүштүк программасы жана жеткирүүнүн убактылары ойлонуштурулушу керек. Продукциянын көлөмү жана саны эмес, продукциянын сапаттык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу да маанилүү", — деген ал.

Путин андыктан өндүрүүчүлөр менен конструкторлук борборлордун бул жабдууларды колдонгондор менен түз байланышы көңүл борборунда болуш керектигин белгилеген.
Путин: афган согушкерлеринин ЖККУ өлкөлөрүнө кирүү коркунучу бар