Нарын менен Көлдө мектеп директорлорунун сынагынан 63 кишинин 20сы өттү

Нарын облусунда 15, Ысык-Көлдө 19 ваканттык орун бар болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Мектеп директорлору боюнча сынакты Нарын облусунан 13, Ысык-Көлдө жети талапкер ийгиликтүү тапшырганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, алар бош кызмат орундары үчүн ат салышкан.
"Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Нарын облусунан 13 адам босого пайыздык чектен өттү. Сынакка катышууга 46 талапкер документ жиберип, анын 36сы тестирлөөгө катышуу укугун алган. Ал эми Ысык-Көл облусу боюнча 27 талапкердин ичинен жетөө тестти жакшы тапшырып, 60 пайыздык чектен өттү", — деп жазылат кабарда.
Белгилей кетсек, Нарын облусунда 15, Ысык-Көлдө 19 ваканттык орун бар болчу.
Чүй менен Таласта мектеп директорлорун тандоо сынагы кайрадан өттү