Радио

Жуматаева: мураскер ооруп калса пенсиянын топтомо бөлүгүн берүү каралууда

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева 1 640 адам пенсиянын топтомо бөлүгүнөн ипотекалык кредитине төлөгөнүн айтты.
Sputnik
Буга чейин жарандан залалдуу шишик аныкталса же башка олуттуу операцияларды талап кылган ооруга чалдыкса пенсиясынын топтомо бөлүгү 50 миң сомдон ашкан учурда берилип келчү. Азыр бул эрежени мураскерлери же болбосо баласы, түгөйү дартка чалдыккан учурда да берүүнү пландап жатабыз. Бул тууралуу Гүлнура Жуматаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жогорудагы эреже атайын токтомдун негизинде ишке кирет.
"Учурда үйү жок жарандар пенсиясынын топтомо бөлүгү 50 миң сомдон ашкан учурда аны ипотекалык кредитине төлөө үчүн ала алышат. Эми биз муну кеңейтип, өзүнүн турак жайы бар болсо деле балдарына там алып берүү үчүн алганга укук берели деп жатабыз. Бул эреже бардык жарандарга, тактап айтканда, кимдин пенсиясынын топтомо компоненти 50 миң сомдон ашса жарай берет. Андан сырткары, биринчи орундагы мураскерлери олуттуу дартка чалдыккан учурда да ушул эле топтомо бөлүктүн каражатын жаран өз каалоосу менен алып кетсе болот. Ошондой эле иштеп жүргөн адам убактылуу ишсиз отуруп калса биздин фонд айына 7 040 сомдон колдоо иретинде үч ай каражат төлөйт. Бул акчаны жумушсуздук үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан айына 300 сомдон берилүүчү жөлөк пул менен алмаштырып албоо керек. Биздин фонд иштеп туруп жумушунан ажыраган учурда кийинки ишке орношкончо үч ай гана жогорудагы сумманы чегерет", — деди Жуматаева.
Ал ошондой эле пенсиянын топтомо бөлүгүн Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилген гана ипотекага эмес, башка банктар аркылуу алынган турак жай насыясын жабууга да алса болорун кошумчалады.