БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп Азизбек Мадмаров дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, буга чейин аталган кызматты аткарып келген Талант Султанов августтун башында иштен бошотулган.
Мадмаровдун эмгек жолу:
1982-1996-жылдары — инженер, аймак башчысы, "Ала-Тоо" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин цех жетекчиси;
1996-2001 — Мамлекеттик мүлк фондунун Чүй-Бишкек боюнча төрагасы, башкармалык башчысынын орун басары, Мамлекеттик мүлк фонду башкармалыгынын жетекчиси;
2001-2005 — Мамлекеттик комитеттин Мамлекеттик мүлк жана чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары;
2005-2006 — ТИМдин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;
2006-2010 — Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси;
2011-2013 — тышкы иштер министринин кеңешчиси;
2013-2014 — олуттуу тапшырмалар боюнча элчи — тышкы иштер министринин орун басары;
2014-2016 — ЖККУнун катчылык башкармалыгында жетекчи;
2018 — президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн кырдаалдык-аналитикалык секторунун башчысы;
2018-2022 — тышкы иштер министринин орун басары.