Министрлик ишкерлик кылам дегендер үчүн бизнес-пландардын шаблонун түздү. Тизме

Документтер Россиянын каржылоосу менен иштелип чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги сайтына бизнес-пландардын үлгүлөрүн жарыялады.
Мекемеден ишкерлер бул бизнес-пландардын үлгүлөрү менен инвестиция тартса боло тургандыгын белгилешкен.
Сайтка жарыяланган маалыматка тиркелген документтердин бардык топтомдору өзүнө бизнес-планды, каржылык үлгүнү жана инструкцияларды камтыйт.
Министрлик төмөнкү багыттар боюнча бизнес-пландардын шаблонун түзгөн:
алма бак отургузуу;
мөмө-жемиштен как даярдоо;
бодо малдын эт-сүт фермасын ачуу;
сыр жана каймак майын чыгаруу;
тоок ферма;
жумуртка багытындагы тоок ферма;
балык багуу;
нан, токочторду даярдаган цех;
чүчпара түйгөн цех;
кеңсе жана үй эмеректерин жасап чыгаруу;
кесиптик атайын кийимдерди тигүү;
мейманкана ачуу;
менчик медициналык борбор ачуу;
башталгыч класстарды кабыл алган менчик мектеп ачуу.
Документтер "КМШ өлкөлөрүндө туруктуу өнүгүүнү каржылоо үчүн потенциалын бекемдөө" долбоорунун алкагында Россиянын каржылык колдоосу менен иштелип чыккан. Аталган долбоор БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан Экономика жана коммерция министрлиги, Евразия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду менен кызматташуунун аркасында ишке ашууда.
Кыргызстандын ЖОЖдорунда стартаптар үчүн бизнес-инкубаторлор ачылды. Максаты