Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кайрадан аткылоого алынган Запорожье АЭСи. Видео

"Росатом" ири калибрлүү курал менен аталган аймак 20 ирет бутага алынганын санап чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Украиналык тараптын аткылоосунан Запорожье АЭСи бул сапар да тыштан камсыздалган электр кубатысыз калганын РИА Новости жазды.
Оңдоо иштерин жасаган бригадалардын атомдук электр станцияны аткылоонун кесепеттерин жоюп жатканын аталган агенттиктин Telegram каналы жарыялады.
Эки айга чукул тынчып калган мезгилден кийин Запорожье АЭС кайрадан Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан аткылоого алынды. "Росатомдун" кызматкерлери ири калибрлүү курал менен аталган аймак 20 ирет бутага алынганын санап чыкты.
Агенттик учурда оңдоо иштери менен алектенген бригадалар ЗАЭСтеги талкаланган жерлерди калыбына келтирип жатканын кабарлады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украин армиясы Донецкини артиллериядан түнү менен аткылап чыкты. Видео