Радио

Шайымбетов: учурда эл вирустун 7-8 түрү менен ооруп жатат

КММАнын балдар жугуштуу оорулары кафедрасынын ассистенти, Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасынын дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Азый Шайымбетов күзүндө инфекциялык оорулардын өсүшү мезгилдик көрүнүш экенин айтты.
Sputnik
Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасына 2022-жылдын 1-январынан тартып ноябрь айына чейин 7 008 бейтап курч респиратордук вирустук инфекция менен кайрылды. 3 437 адам ооруканага жаткырылса, анын 3 411и балдар (катуу курч респиратордук инфекция менен ооругандар). Мындайча айтканда, ооруканага жаткырылган бейтаптардын 98 пайызы балдар болууда. Бул тууралуу Азый Шайымбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда эл арасында парагрипп, грипп Б, грипп А, бокавирус, аденовирус, риновирус, респиратордук синцитиалдык инфекция, коронавирус инфекциялары жүрүп жатат.
"Инфекциялык оорулар менен жабыркагандардын көбөйүшү — мезгилдик көрүнүш. Чоӊдор дары-дармек ичип бир-эки күндүн ичинде эле сакайып кетүүдө. Ал эми балдардын иммундук системасы алсыз болгондуктан, организми вируска туруштук бере албай, оору катуу формада өтүп жатат. Учурда эл арасында парагрипп, грипп Б, грипп А, бокавирус, аденовирус, риновирус, респиратордук синцитиалдык инфекция, коронавирус инфекциялары жүрүп жатат. Бейтап оорунун симптомдору катталганда дарыгерге кайрылып көрүнгөндө гана кайсы вирус менен ооруп жатканын так аныктап, ага жараша дарылары жазылат. Өз алдынча дарылануу, антибиотиктерди колдонуу организмге терс таасир этип вирустун дарыга туруктуулугуна, дисбактериозго алып келерин эсиӊерге салам. Антибиотикти кандай учурда ичиш керек? Үч күндүн ичинде адамдын дене табы түшпөсө, кандын бузулушунда, бир жашка чейинки балдар арасында оору өтүшүп кетсе (отит, пневмония башталса) антибиотик жазылат. Балдардын иммунитетин көтөрүү үчүн дарыгерлерден витаминдерди жаздырып алган туура", — деди Шайымбетов.
Ал өлкөдө сасык тумоо жана коронавируска каршы гана вакцинация жасаларын кошумчалады.