Горький атындагы сквердеги митинг соңуна чыкты. Сүрөт

Акциянын катышуучулары саясий туткундарды бошотуу, Кемпир-Абадды Өзбекстанга бербөө, сөз эркиндигин чектебөө, Россияга депортация болгон журналист Болот Темировду Кыргызстанга кайра кайтаруу сыяктуу талаптарды коюшту.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын Горький атындагы сквериндеги митинг соңуна чыкканын Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди.
Модератор чогулгандарды сөз эркиндигине басым жасагандарга каршы турууга үндөдү.
Жарандык активисттер жана журналисттер катышкан тынчтык маршы Эркиндик проспектисиндеги темир жол бекетинен башталган. Алар башында I Элдик курултай өтүп жаткан филармонияга чейин барууга ниеттенишкен. Чогулгандар саясий туткундарды бошотуу, Кемпир-Абадды Өзбекстанга бербөө, сөз эркиндигин чектебөө, Россияга депортация болгон журналист Болот Темировду Кыргызстанга кайра кайтаруу сыяктуу талаптарды коюшкан. Андан сырткары, коммерциялык эмес уюмдар боюнча мыйзамды кабыл албоону да айтышкан.
Жүрүш алдында темир жол бекетине милиция өкүлдөрү келип, "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүүгө болбойт деген соттун чечимин окушкан. Алар филармониянын жанында нааразылык билдирүүгө уруксат жоктугун да эскертишкен. Катышуучулар филармониянын жанындагы Жаштар аллеясына чейин жетип, андан ары тарап кетүүнү сүйлөшкөн.
Бирок алар "Ала-Тоого" жеткенде милиция колоннаны токтоткон. Андан улам акцияга чыккандар митинг өткөрүүгө уруксат берилген Горький скверине Киев көчөсү менен барышкан.
Сот журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды