Асман чапчыган баа. Европа газдын баасын койду

Европа биримдиги россиялык ресурстардын наркын макулдашууга аракеттенип жатат. Бир жагынан Москваны кирешесиз калтырып, экинчи жагынан энергетикалык ресурстардан өздөрү куру калбоого далалат кылууда.
Sputnik
Антпесе, европалыктар "көмөктөшүүгө" макул болгондордон көгүлтүр отту өтө кымбат баада сатып алууга аргасыз болорун боолголойт Наталья Дембинская. Серепчинин аталган континенттеги жаратылыш газынын жагдайынан баян салган макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.
Еврокомиссиянын соңку чечими баарын айран таң калтырды. Баа чегинин оголе жогору болушу кай бирин кыжырдантса, буга айрымдары аргасыз жылмаюуда.

Жеткен чеги

Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери бааны чектөө жөнүндө Чоң жетиликтин июнь айындагы саммитинде эле сүйлөшкөн. Келерки айдан тарта мунай, февралдан баштап мунай өндүрүмдөрү үчүн да баа чектелет. Ал эми газ боюнча азырынча так эмес. Бирок Европа комиссиясы Title Transfer Facility (TTF) виртуалдык хабында бир МВтка 275 евро сунуштады.
"Бул маселени түп-тамырынан бери чечип жибербейт, бирок зарыл учурда пайдаланууга боло турган күчтүү инструмент", — дейт энергетика боюнча еврокомиссар Кадри Симсон. Документте бул механизм эки шарт бирдей маалда аткарылганда ишке берилет. Алгачкысы: TTF дериватынын алдын ала эсептик наркы эки апта аралыгында бир МВтка 275 евродон ашып турса, экинчиден, бул көрсөткүч эки жума ичинде он күн катары менен суюлтулган жаратылыш газынын баасынан жогору болушу шарт. Демек, лимит келишим боюнча 1000 куб метр газдын баасына 3000 долларды түзөт.
Европалык энергетиктер кирешесиз калыштыбы? Газ жагдайына сереп

"Болбогон кадам"

Комиссиянын күчкө салынган чечими катуу сынга кабылды. Себеби жайындагы көрсөткүчтөрдөн төмөн болгону менен азыркы баадан эки эсе жогору.
"Бул тамаша. Өзгөчө кырдаалда да эч кимге эч кандай пайда келтирбейт. Чектөө эмес, болбогон бир кадам", — деп нааразы болду Брюсселдеги Bruegel аналитикалык борборунун улук илимий кызматкери Симона Тальяпетра.
Августта, "Түндүк агымдын" жабдуусу токтогон маалда, Лондондогу ICE биржасында бир МВт 300 еврого чыккан. Бирок андай баа бир апта гана кармалган. Германиядагылар бул пикир келишпестиктерди басаңдатуу үчүн жасалган саясий кадам экенин түшүндүрүштү. Башкача айтканда, Брюссель бул менен рыноктук тутумга кийлигишпөө чакырыктарына да, бааны жөнгө салуу талаптарына да чара көрүүгө аракет кылды.
"Талаш-тартыш улам курчуп барат. Бельгия, Греция, Италия жана Польша энергетика министрлеринин жолугушуусунда газ рыногу боюнча башка чечимдерге да каршы чыгарын айтып, коркутуп жатышат", — деп жазат Die Welt.
Бааны ооздуктоону Европа биримдигинин кеминде эле 15 өлкөсү, анын ичинде Испания менен Греция да жактайт. Бул менен алар кышкысын керектөөчүлөр үчүн бааны түшүрүп, социалдык толкундоолордун алдын алууга болоруна үмүт артышат. Германия, Нидерланды жана Дания, тескерисинче, бааны чектөөлөр газ керектөөнү көбөйтүп, ал эми бул трейдерлер кайра сатуу менен шугулданмайга өтөрүн боолголоп жатышат.
Европада азык азаюуда. Буга да Россия айыпталары айкын

"Арга түгөнгөндө..."

Дагы башка, кыйла орчундуу бир себеп бар. Россиядан газ жаатындагы катуу көз карандылык бар. Энергетикалык ресурстардын кымбатташынан ишканаларды жана турмуш тиричилигин коргоп, дегеле газдан куру калбоо үчүн кескин чараларды көрүү абзел.
"Чектөөлөр баанын ошондой деңгээлге чыкпай турганына ынануу менен түзүлгөн. Еврокомиссия андан саясий-идеологиялык себептерден улам баш тарта албайт. Ошондуктан кырдаал болуп көрбөгөндөй курчуп кетсе гана ишке ашырылчу механизмди ойлоп табышты", — дейт РФ Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун башкы директорунун орун басары Алексей Гривач.
"Чечимдин саясий мүнөзү айдан ачык: Европа биримдиги АКШ менен Россиянын алакасындагы бурулуштар үчүн өзүнө да мейкиндик калтырууну көздөйт. Экинчи жагынан арга түгөнгөндөгү кадам: Брюсселдеги аткаминерлер Россияны санкциялар менен басуу аракетинин майнапсыздыгын даана туюп турушат", — деп кошумчалайт өнөр жай боюнча көз карандысыз эксперт Леонид Хазанов.
Көгүлтүр от жана америкалык суюлтулган газдын запасы менен европалыктар быйыл кышты эптей алышат. Бирок ушундай жагдайда Москва менен мамилени бузуу жакшы нерсеге алып келбейт.

Айырмасы эмне?

Мындай жасалма көрүнүшкө Россиянын кылы да кыйшайбайт. "Бир айга алдын ала келишим узак мөөнөттүү макулдашуулардын көпчүлүгүндө баа индикатору катары колдонулат. Механизмди баары бир активдештиришсе, газ менен камсыздоо токтоп калышы ыктымал", — деген оюн айтат Алексей Гривач. Бирок бул жөн гана жоромол, анткени лимит өтө эле жогору.
Соңку окуяларга караганда, Европадагылар баага бир чек коюу менен кырдаалды өзгөртө албай тургандыгын акырындап түшүнүп келе жаткандай. Газды баары бир рыноктогу баада сатып алууга туура келет. Мунай жаатында дале баш оорумай басыла элек.
Bloomberg агенттиги маалымдагандай, баррелин 65-70 доллар деп чектөө талкууланууда. Бирок мында да жаңылыштык кетирип албагай эле, себеби лимит орточо тарыхый мааниге шайкеш келет. Ал эми Россия арзандатуу менен сатып, мындай чектөөлөр соодага дээрлик таасир эте албайт.
Түркия газдын акчасын чекесинен рубль менен төлөөнү баштады