Элдик курултайдын биринчи күнү жыйынтыкталды

Бүгүн 63 делегат сүйлөп жетишти, калганына эртең сөз берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда өтүп жаткан Элдик курултайдын биринчи күнү жыйынтыкталды.
Эртең менен саат 10:00дө башталган жыйын 18:10го чейин созулду. Алгач курултайдын төрагасы болуп Кадыр Кошалиев шайланды. Ал эми жетекчилик курамына 20 адамдан турган Аксакалдар кеңеши бекитилди.
Жалпысынан 1072 делегат катышты. Аларга президент Садыр Жапаров өлкөдө жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди. Анын артынан Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, өкмөт башчы Акылбек Жапаров баяндама жасады.
Андан соң делегаттарга сөз берилип, кечке чейин 63 адам сүйлөдү.
Курултайдын экинчи күнү эртең, 26-ноябрда, саат 10:00дө башталат.
Курултай эмне үчүн керек, канча киши эмнени талкуулайт? Жол-жобосу