БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Элдик курултайга Чүй облусунун Аламүдүн районунан келген делегат президент Садыр Жапаровго көйгөйлөрүн айтып, алар аткарылса эл митингге чыкпай турганын айтты.
Өзүн Тажибаев деп тааныштырган делегаттын айтымында, Кыргызстандын жарымын баккан 200 миңден ашык калкы бар Аламүдүн районунун ооруканасы жок.
"1975-жылы салынган Чүй облустук ооруканасына батпай, 2020-жылкы пандемияда аябай кыйналдык. Районубузга жаңы оорукана салып берсеңер. Анан Биримдик Кут деген конушубуз бар, жолу тизеге чейин балчык болуп калган. Конуш түзүлгөнүнө 15 жыл болгонуна карабай суусу дагы тыңгылыктуу эмес. Айылдан шаарга балдарын күндөп-түндөп ташып жатат. Садыр Нургожоевич, Чүй өрөөнүндөгүлөр "эгер ушуларды куруп берсе, биз мындан кийин такыр митингге чыкпайбыз" деди. Ошону баса белгилеп айтып коёюн", — деди делегат.
Мындай пикирди уккан президент да, залда отургандар да күлүп жиберишти.