А.Жапаров: чек араны ажаан аялдар, тажаал эркектер чечпейт, элди бузганы жетет

Өкмөт башчы чет жактан каражат алып мамлекетке бүлүк салууну каалаган жарандар тууралуу кеп козгоду.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Чек араны ал жактагы ой-чуңкурду көрбөгөн ажаан аялдар менен тажаал эркектер чечпейт, адистер гана чечет. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди.
Өкмөт башчы кээ бир тилкелерде жаңжал чыгып кетүү кырдаалы тез эле жаралып кетерин белгиледи.
"Акылга сыярлык негизде оюн билгизгендерге эч качан тыюу салбайбыз. Чек арада бирде утулсак, бирде утабыз. Эки элдин кызыкчылыгы гана болот. Буга чейин малы бирге короолош, ашы бирге жоролош болуп келген кошуналар менен түбөлүк ынтымакта жашашыбыз керек. Мамлекеттин бүтүндүгү күнүмдүк жашоо камынан башталат", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал чет жактан каражат алып мамлекетке бүлүк салууну каалаган жарандар тууралуу кеп козгоду.
"Өз агасын агалай албаган бирөөнүн агасын сагалайт болуп, кыргыздын "к" тамгасын тааныбаган чет өлкөлүктөрдүн жана олигархтардын акчасына азгырылгандар бар. Демократияны бетине кармаган, өзүн оппозициябыз деген бир ууч адам жасалма көшөгөнүн аркасында мамлекетти талкалоого даяр. Эскилиги жеткен имараттын ордуна жаңысын салабызбы, чек арабыз ары-бери жылабы, аларга баары бир. Эптеп дүрбөлөң чыгаруу. Буларды карапайым калктын жашоосу кызыктырганын көрдүкпү? Жок, мындан ары элди бузбасын, жетишет!" — деди өкмөт башчы.
Соңунда Жапаров Батыштын бир дагы жараны мамлекетинин өнүгүүсүнө зыян келтирип, коомду буза турган, жоопкерчилик албай турган сөздөрдү айтпай турганын жана айта албай турганын белгиледи.
Спикер Шакиев тез арада Бишкектин 4 районунун аталышын кыргызчалоону сунуштады