БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Курултайда Баткен районунун Көк-Таш айылынан келген делегат Жалил Каработоев чек аралаш жайгашкан айылдын тургундарына курал берүүнү тездетүүнү суранды.
"Садыр Нургожоевич, бул сиздин колуңуздан келет. Куралга уруксат кагазын берүүнү тездетип берсеңиз. Өзүм да ала албай жүрөм. Анткени мен үйүмдү коргошум керек. Эки жолку тополоңдо Көк-Таш айылын мергенчилер жоокерлерге жардам берип сактап калды. Эгер куралыбыз болсо биз бир дагы тажикти киргизбейбиз. Тажиктер дагы кол салышы мүмкүн, биз коркпойбуз, бирок сактанышыбыз керек", — деди Каработоев.
Мындан сырткары, мал уурулук 10 жылдан бери токтобой жатканын, милиция изине түшүп барып Тажикстандын чек арасына такалып каларын айтты. Мындан улам чек араны тосуп берүүнү суранды.
Делегат соңунда жаңжал учурунда Баткен элине берилип жаткан жардам үчүн жалпы кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.
Каработоевдин сөзүнө жооп катары залда отурган делегаттар ордунан туруп кол чабышты.