БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Борбор калаада жарандык активисттер менен журналисттердин тынчтык маршы өтүүдө.
Алар Эркиндик проспектисиндеги темир жол бекетинен тарта учурда I Элдик курултай өтүп жаткан филармонияга чейин барууга ниеттенип жатышат.
Чогулгандар саясий туткундарды бошотуу, Кемпир-Абадды Өзбекстанга бербөө, сөз эркиндигин чектебөө, Россияга депортация болгон журналист Болот Темировду Кыргызстанга кайра кайтаруу сыяктуу талаптарды коюшту. Андан сырткары, коммерциялык эмес уюмдар боюнча мыйзамды кабыл албоону да айтышууда.
Жүрүш алдында темир жол бекетине милиция өкүлдөрү келип, "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүүгө болбойт деген соттун чечимин окушту. Алар филармониянын жанында нааразылык билдирүүгө уруксат жоктугун да кошумчалашты.
Ал арада милициянын атайын автобустарынын, автоунааларынын борбордук аянтта турганын көрүүгө болот. Катышуучулар филармониянын жанындагы Жаштар аллеясына чейин жетип, андан ары тарап кетүүнү сүйлөшүштү.
Ош шаарында да бир нече киши Темировду колдой тургандыгын билдирип, митингге чыкты.