БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда алтын казган компаниянын мамлекетке 20 миллион сом зыян келтиргени аныкталып, бир бөлүгү өлкө казынасына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Билдирмеге караганда, УКМКнын Жалал-Абаддагы башкы башкармалыгы облустагы Экология жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын, алтын казган компаниянын жана Жаратылыш ресурстары министрлигинин облустук башкармалыгындагы жооптуу кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш ишин козгогон.
"Тогуз-Торо районунда алтын казган тоо-кен ишканасы уруксат жана тиешелүү экологиялык паспорттун жоктугуна карабастан экологиялык зыян тарифин жеңилдетилген ставка боюнча төлөп жүргөн. Натыйжада мамлекетке 20 миллион сом зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
УКМК тарабынан бул каражаттын бир бөлүгү өлкө казынасына кайтарылып, учурда тергөө жүрүп жатканы кошумчаланды.