БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Элдик курултайга келгендерге салык төлөбөгөндөрдү эмне күтөрүн айтып берди.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
"Мындан ары Кыргызстанда ажал кудайдан болсо, салык өкмөттөн болот. Салыкты төлөмөйүнчө эч ким тынч уктабайт. Муну жакшылыктын айлампасы катары көрүшүбүз керек. Демек, өзүбүзгө кайтып келүүчү эле жакшынакай мектептер, пенсия, пособиелер. Ошондуктан салыктарды төлөө абзел. Башыбыздан баары өттү, мындан ары бизге өнүгүүдөн башка эч нерсе жок. Президент биринчи элде болсо, анан бизде болот деген түшүнүктү киргизип жатат", — деди Жапаров.
Ошону менен катар экономикалык жетишкендиктерди тизмектеп берди:
10 айда экономикалык өсүш 7 пайызды түздү;
консолидацияланган бюджеттин ресурстарын 2 жылда 156 миллиард сомго көп аткардык. 2023-жылы 503 миллиард сом болот;
быйыл бир айда бюджетке орточо 24 миллиард сомдон чогултуп жатабыз. Акчаны салыкты, бажыны башкарууну жакшыртуудан таптык;
ККМ колдонгондордун соодадан түшкөн акчасы он айда 1,4 триллион сомду түздү;
10 айда импорттон алынуучу кыйыр салыктар 32,5 миллиард сомду түздү;
күйүүчү май куюучу жайларда 64 миллиард сомго 1,1 миллиард литр май сатылды.