Жолго кулаган контейнер, адам чыдамын түгөткөн автотыгын. Бишкектеги видео

Крандын жардамы менен контейнерди көтөрүүгө аракет кылышканы менен дароо алып кете алышкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкекте ири жол тыгын жаралды, анын негизги себепчиси 7-Апрель көчөсүнө жүк ташуучу автоунаадан түшүп калган контейнер болду.
Эске салсак, Бишкекте контейнер жүктөгөн КамАЗ көпүрөгө кирип бара жаткан жерде көпүрөнүн алдына орнотулган бийиктикти чектеген темирди талкалап, уратып алган. Окуя 7-Апрель жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал жерге автоинспекторлор жана башка муниципалдык кызматтын өкүлдөрү барган.
Крандын жардамы менен контейнерди көтөрүүгө аракет кылышып, бирок азырынча аны алып кетүүгө мүмкүнчүлүк болбогондугун ошол жерде жүргөн Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирген.
Анткен менен бир нече убакыттан кийин тийиштүү кызматтар темирди бир аз көтөрүп, автоунаалар акырындап өтүүгө мүмкүнчүлүк жаралган.
Бишкектин кайсы жерлерине эстакадалык көпүрө, өтмөктөр курулары айтылды