БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин 2021-жылкы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчетун кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле парламент төмөнкү мыйзам долбоорлорун кабыл алган:
"КРдин 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр;
"КРдин 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү" мыйзам долбоору.
Парламенттин пленардык жыйынына министрлер кабинетинин мүчөлөрү толугу менен катышкан. Министрлер кабинетинин ишинин жыйынтыгы боюнча жалпы маалыматты төрага Акылбек Жапаров айтып берсе, күн тартиби боюнча финансы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасаган.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынган.