"Түндүк —Түштүк" коридору: Каспий транспорттук артериясы боюнча инфографика

"Түндүк — Түштүк" эл аралык транспорт коридору Россияга алыскы Индия, Ирандан жүктү үзгүлтүксүз ташып, аларды жеткирүүгө кеткен убакытты бир топ кыскартууга багыт алган. Бул долбоордун пайдубалы мындан 22 жыл илгери салынган.
Sputnik
Долбоордун алкагында транспорттук коридор 7,2 миң чакырым жолду камтып, Балтика аймактары менен Индияны Иран жана Россия аркылуу байланыштырат. Коридордун жүк өткөрүү мүмкүнчүлүгү жылына 20 миллиондон 30 миллион тоннага чейин чыгары айтылды.
"Түндүк — Түштүк" эл аралык транспорт коридору социалдык–экономикалык багыттагы бир нече мамлекеттин саясий эркинен түптөлгөн кадам. Ага катышкан тараптар тандап алган багыттарын жалпы коомдун кызыкчылыгынан алып караган. Товарларды жеткирүүгө азыр алты жума убакыт кетсе, долбоор ишке кирсе үч аптага кыскарат деген эсептөөлөр бар. Бул коридор өткөн өлкөлөрдө "Түндүк — Түштүк" коридорун түптөө иштери 2000-жылдын 12-сентябрында башталган. Анда Россия, Индия жана Иран өкмөттөр аралык макулдашууга кол койгон. 2005-жылы Азербайжан кошулган. Баш-аягы болуп бул макулдашууну 13 мамлекет ратификациялаган. Алар: Азербайжан, Беларусь, Болгария, Армения, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Оман, Россия, Тажикстан, Түркия, Украина.