Ноокатта жер семирткич чыгара турган ири завод курулмакчы

Долбоор кытайлык инвесторлор менен биргеликте ишке ашмакчы.
Sputnik
Шпигельное названиеОш облусунун Ноокат районуна жер семирткич чыгарган завод курулат. Бул туурасында акимчиликтен билдиришти.
Завод үчүн Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтүнөн 100 гектар жер бөлүнгөн. Учурда кытай инвесторлору менен биргеликте долбоорду даярдап жатканы маалымдалды.
"Долбоордун наркы 200 миллион долларды түзөт. Заводдун кубаттуулугу жылына бир миллион тонна жер семирткич өндүрүүгө ылайыкталат. 2000дей адам жумуш орду менен камсыздалат. Негизги максат — элдин сапаттуу жер семирткичтерди арзан баада алышына шарт түзүү", — деп айтылган маалыматта.
Келген инвесторлор менен Ноокат районунун акими Данир Иманалиев жолугуп, кызматташууну талкуулаган.
"Майлы-Суу" лампа заводунун ишин жандантууга бюджеттен 1 млрд. сом бөлүндү