БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик Дума Россияда ЛГБТны, бачабаздыкты жана жынысты алмаштырууну пропагандалоого тыюу салуу жөнүндө жана андай маалыматтарды балдар үчүн тыюу салынган материалдардын тизмесине кошуу боюнча бир катар мыйзамдардын топтомун кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Ага ылайык, жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча, жогоруда айтылгандарды жарнама, китеп, кино жана аудиовизуалдык кызматтарга колдонууга болбойт.
"Тактап айтканда, мыйзамдар күчүнө кирсе адаттан тыш жыныстык мамилелерге, аны тандоого, жынысты алмаштырууга үгүттөгөн фильмдерди кинотеатрларда көрсөтүүгө тыюу салынат. Мындан тышкары, ушундай маанини камтыган товарларды сатууга болбойт. Мыйзам бузгандар ири көлөмдөгү айыпка жыгылышат. ЛГБТны пропагандалаган адам 400 миң рубль айып төлөш керек болсо, юридикалык жактар беш миллион рублге чейин айып тартат. Чет элдик жарандар бул мыйзамды бузса 15 күнгө камакка алынат же депортацияланат. Бачабаздыкты пропагандалаган адамдарга 800 миң рубль, компания, уюмдарга он миллион рублге чейин айып салынат. Ал эми бул тартипти бузган чет элдиктер Россиянын аймагынан чыгарылат", — деп жазылат маалыматта.
Роскомнадзор чектөө киргизиле турган маалымат, материалдарды, программаларды аныктоо үчүн интернетти мониторинг кылуу тартибин бекитүү укугуна ээ болот.