БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россия менен Өзбекстандын эмгек мигранттарына арналган ийгиликтүү сынамык долбоору Кыргызстанда да ишке ашырылышы мүмкүн. Бул тууралуу брифингде Россия ИИМинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казакова айтып берди.
Анын айтымында, бул долбоор аркылуу чет элдиктер келечекте өз өлкөсүнөн эле бардык процедуралардан өтө алат. Казакова Өзбекстан менен сынамык долбоор ийгиликтүү ишке ашканын, бөтөнчө бул пандемия маалында билингенин белгилеген.
"Уюштуруу ишинин алкагында өлкөгө 10 миң жаран кирди, муну оң жыйынтык катары баалайбыз. Алар медициналык текшерүүнү жана бармак изин каттоону мекенинен өткөнүн белгилей кетели. Орус тили, тарых, мыйзамдар боюнча экзаменди Россиянын чет жакасынан тапшырышкан. Мигранттардын Россияга кирип-чыгууга мүмкүнчүлүгү бардыгы же жоктугу дароо билинген. Өзбекстандын аймагында биздин өкүлчүлүк иштеген. Жарандар кандай жумушта эмгектене турганын, шарты кандай экенин, айлыгы канча экенин биле алышкан. Иш берүүчү жумушчу үчүн жоопкерчилик алат", —деди Казакова.
Ал пилоттук долбоор эми Кыргызстан менен Тажикстан да ишке ашат деген ишенимин билдирген.