Кыргызстандыктар банктарга жалпысынан 227 млрд. сом карыз

Анын 86 пайызын эл банктарга, калган 14 пайызын чакан кредиттик уюмдарга кайтарып бериши керек.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Быйылкы жылдын 1-октябрына карата банктардын жана башка насыя уюмдарынын кредиттик портфелинин жалпы көлөмү 227 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Анын 86 пайызын эл банктарга, калган 14 пайызын чакан кредиттик уюмдарга карыз.
"Бул сумманы кардарлар негизинен соодага (25,3 пайыз), керектөө муктаждыктарына (19,2 пайыз), айыл чарбасына (18,6 пайыз), ипотекага (10,6 пайыз) жана курулушка (7 пайыз) пайдаланган", — деп айтылат билдирүүдө.
Кредиттик портфель – бул кардарлар банктан алып, бирок кутулуп бүтө элек каражаттардын жыйындысы. Башкача айтканда, кардарлардын банктын алдындагы карызы.
Чет өлкөлүк валюта операциялары КР банктарына олуттуу киреше алып келди