ФСБ Түркия менен Европага газ кеткен түтүктүн жардырылышын алдын алды

Шектүү катары төрт киши кармалды, баары тең Россиянын жарандары.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы украиналык атайын кызматтын Түркия менен Европага газ кеткен Волгоград облусундагы түтүктү жардыруу аракетин алдын алды. Бул тууралуу ФСБга таянуу менен РИА Новости билдирди.
"Украинанын атайын кызматтарынын Түркия менен Европага газ кеткен "Түштүк агым" түтүгүндөгү террордук аракетин алдын алды", — деп айтылат расмий маалыматта.
Терактыны ишке ашырмак делген төрт киши кармалды, баары Россиянын жарандары. Тинтүү учурунда алардан төрт магниттик мина, төрт килограмм пластит, жай жарылуучу заттар, 593 миң рубль жана "Украина атайын кызматынан бекитилген куратор менен сүйлөшүүсү жана жазышуусу табылган байланыш каражаттары", жардыруучу түзүлүштөрдү чогултуу боюнча инструкциялар жана окуя болчу жердин дайын-дареги аныкталган.
Терактыга даярдык көрүү, террордук топ түзүү жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Херсон: Украинанын коопсуздук кызматынын теракт даярдаган адамдары кармалды