Ташиев: эки депутат өтө оор кылмышка шектелүүдө, иликтеп жатабыз

Ташиев учурда эл өкүлдөрүнө карата арыз түшүп, текшерилип жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин эки депутатына кылмыш иши козголушу мүмкүндүгүн эскертти.
Анын айтымында, учурда аларга карата арыз түшүп, текшерилип жатат.

"Эки депутатка карата арыз бар. Муну алдын ала айтып коёюн, эртең дагы айтып чыкпагыла. Кээ бирлерине өтө оор кылмыштарга байланыштуу иштер дайындалып, экспертизалар жүргүзүлүүдө. Жакында Башкы прокуратура иш козгойт. Ал боюнча керектүү адамдар арызын жазды. Түшкөн арызды кароо биздин милдет", — деди Ташиев.

Ошондой эле УКМК төрагасы иликтөө маалында кылмыш такталбай турган болсо, сот аркылуу чечим кабыл алынарын белгиледи.
Вице-спикер Сыдыгалиев: кабинеттен кууса эле кете бересиңерби, чыкпай отургула