Күн кайра жылыйбы? Дем алышка карата аба ырайы

Бишкекти ала булут каптап, абанын температурасы 4...6 градусту көрсөтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болорун алдын ала алынган маалыматтарга таянып билдирди.
Ага ылайык, апта аягында айрым жерлерге эле жамгыр, кар жаабаса, көпчүлүгүндө күн ачык болот. Бишкекти ала булут каптаганы менен жамгыр, кар жаабай турганы айтылды. Абанын температурасы 4...6 градусту көрсөтөт.

Чүй, Талас облустары

Чүйдө 26-ноябрда күндүз айрым жерлерде жаан, кар жаашы күтүлөт. 27-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондорго кар жааса, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы -1…+4 градуска төмөндөйт. Ал эми Таласта дем алыш күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт, -2…+3 градус суук болору айтылды.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Синоптиктер апта аягында бул аймактарда жаан-чачын күтүлбөй турганын божомолдошту. Ошто абанын температурасы 10…12 градус, Жалал-Абадда 7…12 градус, Баткенде 9…11 градус жылуу болору айтылды.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көл облусунда 27-ноябрга караган түнү жамгыр, кар жаашы ыктымал. Дем алыш күндөрү күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 0....5 градусту көрсөтөт.
Ал эми Нарында жамгыр да, кар да жаабайт. Анткен менен суук болору божомолдонду. Абанын температурасы -4…+1 градуска төмөндөйт.
Радио
Курманова: экологиянын бузулушу — климатты өзгөртчү негизги фактор