Бишкекте гараж кооперативинин мүчөлөрү митингге чыкмай болушту

Акцияга 15тен ашык кооперативдин өкүлдөрү катышары жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя.— Sputnik. Бишкектеги гараж кооперативинин мүчөлөрү 25-ноябрь күнү саат 10:00дө мэриянын алдына митинг уюштурмай болушту.
Муниципалитет билдирүү алганын ырастады.
Митингге чыга тургандар гараждардын алынышына макул эмес. Алардын катында митингге 15тен ашык кооперативдин өкүлдөрү катышары жазылган.
Белгилей кетсек, бүгүн №12 кооперативдин аймагында гараж ээлери менен мэрия кызматкерлеринин ортосунда пикир келишпестик жаралып, шаар бийлиги аларга гараждарды бошотуп коюуга 10 күн убакыт берди. Ага чейин башка бош гараждар алына бермекчи.
Эске салсак, эртең мэриянын маңдайында, тагыраагы, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Элдик курултай өтмөкчү.
Бишкекте №12 гараж кооперативи боюнча чыр чыкты. Видео