Бишкекте №12 гараж кооперативи боюнча чыр чыкты. Видео

Гараж ээлери мэрия мыйзамсыз чечим кабыл алганын айтып, аймакка муниципалдык кызматтарды киргизбей жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №12 гараж кооперативинин жанында чыр чыкты.
Күбөлөрдүн айтымында, кооператив мүчөлөрү гараждарынан ажырашы ыктымал. Окуя болгон жерге шаардык кызматтын өкүлдөрү жана кайгуул милициясы келген. Видео "Бишкек сегодня — новости" Telegram-каналына жарыяланды.
Буга чейин мэрия гараж ээлеринин жерди пайдалануу укугун токтотуу чечимин кабыл алганын билдирген. Гараж кооперативинин ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда.
Бирок кооператив мүчөлөрү мындай чечимге макул эмес. Алар чечим мыйзамсыз кабыл алынганын айтып, аймакка муниципалдык кызматтарды киргизбей жатышат. Ошондой эле мэрия жер участогун өзүнө алууну көздөп жатат деп божомолдошууда. Гараж ээлери документтери толук экенин айтып жатышат.
Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директорунун орун басары Алтынбек Маматов буга чейин гараж ээлери жерди ижарага алуу боюнча келишим түзүшү керектигин билдирген. Анын айтымында, шаарда 50дөй гараж кооперативи болсо, анын алтоо гана расмий келишим боюнча ижара акысын төлөшөт. Маматов эч ким аларды кууп чыкпай турганын кошумчалаган.
Мэр: 11-кичи райондогу гараждардын ордуна көп кабатуу унаа жайы курулат