Бишкектеги гараж чыры. Шаар тургундары менен мэрия эмнени макулдашты?

Бош турган гараждар чекесинен алына баштаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев шаардын Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №12 кооперативдин аймагында жайгашкан гараждарды алуу боюнча үн катты.
Бүгүн шаардык кызматтардын өкүлдөрү гараждарды алуу үчүн ал жерге барган. Бирок гараж ээлери бул мыйзамсыз иш экенин айтып, дарбазаларды жаап салышкан. Ага карабай муниципалитет кооперативдин тосмосун алган.
Окуя болгон жерде жүргөн вице-мэр жер муниципалитетке караштуу болгондуктан, мэрияга соттун чечими керек эмес экендигин белгиледи. Шаар бийлиги аны каалагандай колдоно алат жана алар мыйзамды бузган жок.
Бул гараждардын ордуна көп кабаттуу автоунаа токтотуучу жай, футбол талаасы, сквер салуу пландалууда. Бийлик ал жакка гараж кооперативинин мүчөлөрү акысыз кире алат жана автоунаа коюучу жерден да аларга орун берилет деп ишендирүүдө. Ошондой эле инвестор жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жарым жылда куруп бүтөбүз деп убада берүүдө. Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү бул жердин аянты 80 сотых.
1 / 3

Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев шаардын Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №12 кооперативдин аймагында жайгашкан гараждарды алуу боюнча үн катты

2 / 3

Бүгүн шаардык кызматтардын өкүлдөрү гараждарды алуу үчүн ал жерге барган

3 / 3

Бирок гараж ээлери бул мыйзамсыз иш экенин айтып, дарбазаларды жаап салышкан. Ага карабай муниципалитет кооперативдин тосмосун алган

Жыйынтыгында тараптар 10 күн ичинде тургундар гараждын ичиндеги буюмдарын алып кетүүнү сүйлөшкөн. Ошол эле учурда бош турган гараждар алынууда.
Бишкектин кайсы жерлерине эстакадалык көпүрө, өтмөктөр курулары айтылды