Бишкектин кайсы жерлерине эстакадалык көпүрө, өтмөктөр курулары айтылды

Калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү долбоору (3-фаза) боюнча Кытайдын эксперттик тобу менен жолугушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкекте автотранспорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бир катар жолдор жаңыланып, эстакадалык көпүрөлөрдү салуу пландалууда.
1 / 2

Бишкекте автотранспорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бир катар жолдор жаңыланып, эстакадалык көпүрөлөрдү салуу пландалууда

2 / 2

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү долбоору (3-фаза) боюнча Кытайдын эксперттик тобу менен жолугушкан

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү долбоору (3-фаза) боюнча Кытайдын эксперттик тобу менен жолугушкан. Анда Кытай тарап долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси 28 күндүн ичинде иштелип чыгарын белгилеген.
3-фазанын алкагында жасала турчу жолдор:
Лев Толстой — Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде эки кабаттуу транспорттук жол кесилиштери;
Төрөкул Айтматов жана Сүйүмбаев көчөлөрүнөн Лев Толстой көчөсүнө темир жол аркылуу чыгуучу өтмөк;
Лев Толстой жана Жаш гвардия проспектисинин кесилишиндеги транспорт түйүнү;
Анкара жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишине эки кабаттуу транспорттук-эстакадалык көпүрө;
Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишине эки кабаттуу транспорттук жол кесилиштери.
Түштүк магистралдан Сокулукка чыккан трасса жасалып бүттү. Жаңы жолдун видеосу