Радио

Катаганов: ишкер аялдарга жеңилдетилген насыя берүү программасы ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин Бизнес чөйрө саясаты башкармалыгынын жетекчиси Муса Катаганов өлкөдө республикалык бюджеттен аялдардын ишкердигин колдоо үчүн каражат бөлүү пландаштырылып жатканын айтты.
Sputnik
Аялдардын ишкерлигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа министрлер кабинети тарабынан 2021-жылы кабыл алынган. Бул тууралуу Муса Катаганов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аял ишкерлер жеӊилдетилген үстөк пайызда насыя ала алат.
"2022-2026-жылдары аялдардын ишкерлигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында бир катар министрликтерге жана мамлекеттик органдарга аялдардын ишкердигин жакшыртуу багытында тапшырмалар берилген. Биздин мыйзамда аялдар ишкердиги деген түшүнүк жок. Экономика министрлиги аялдардын ишкердигин өнүктүрүү концепциясын камтыган мыйзам долбоорун демилгеледи. Мындан тышкары, аялдардын каржыга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча иш-чаралар бар. Белгилей кетсек, 2020-жылы ишкер аялдарды жеңилдетилген каржылоо программасы ишке ашырылган. Быйыл дагы долбоор иштей баштады. Ал эми бул программанын алкагында каражаттын негизги үлүшүнүн 80 пайызы өлкөнүн аймактарындагы ишкер аялдарды каржылоого багытталат. Буга чейин долбоордун алкагында биринчи айлампада Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 508 миң доллар бөлүнгөн. Эми дагы ушундай эле көлөмдөгү каражат берилгени турат. Насыялар күрөөсүз 300 миң сомго чейин, жайгашкан жери жана ишкердиктин түрүнө жараша 6-8 үстөк пайыз менен берилет", — деди Катаганов.
Ал программанын алкагында өлкөнүн аймактарындагы ишкер аялдар үчүн финансылык жана укуктук сабаттуулук боюнча окуу семинарлары жана тренингдер өткөрүлгөнүн кошумчалады.