ЖККУнун кийинки баш катчысы Казакстандан болот

Беларусь өкүлү Станислав Зась ЖККУдагы башкы катчылык кызматты үч жыл аркалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. 2023-жылдын январынан тарта Жамааттык коопсуздук келишиминин баш катчысы Казакстандын өкүлү Имангали Тасмагамбетов болот. Бул туурасында уюмдагы мамлекеттердин лидерлеринин саммитинде Армения премьери Никол Пашинян билдирди.
Анын айтымына караганда, Беларусь өкүлү Станислав Застын ЖККУдагы үч жылдык баш катчылык вазийпасы аяктайт.
Тасмагамбетов бир топ жыл мамлекеттик кызматтарда иштеген. Казакстандын өкмөтүн жетектеген, коргоо министри, Астана менен Алматынын акими, Казакстандын Россиядагы элчиси болгон.
ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлеринин саммити. Видео