Түркияда жер титиреп, 20дан ашуун адам жабыркады. Видео

Ооруканада жаткан бир адамдын абалы оор экени айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Түркиянын батыш тарабында жайгашкан Дюзже шаарында магнитудасы 5,9га жеткен жер титирөө катталганын РИА Новости кабарлады.
Маалыматта кырсык Бишкек убактысы менен таңкы саат 07.08де болгону айтылды. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджа силкинүүдөн 22 киши жабыркаганын, бийиктиктин секирген бир адамдын абалы оор деп бааланып жатканын билдирди.
Ал эми Түркиянын Ички иштер министрлиги жер титирөөдөн көз жумгандар катталбаганын айтты. Аймакта окуу бир күнгө токтотулган.
Индонезияда зилзаладан көз жумгандардын саны 268ге жетти. Жүрөк ооруткан сүрөттөр