ТИМ: Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында КР жарандары жок

Буга чейин Түркиянын саламаттык сактоо министри силкинүүдөн 22 киши жабыркаганын билдирген болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Түркиянын батыш тарабында жайгашкан Дюзже шаарында магнитудасы 5,9га жеткен жер титирөөдөн жабыркагандар арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык бүгүн Бишкек убактысы менен таңкы саат 07:08де болгону маалымдалган. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджа силкинүүдөн 22 киши жабыркаганын, бийиктиктен секирген бир адамдын абалы оор деп бааланып жатканын билдирген болчу.
Ал эми Түркиянын Ички иштер министрлиги жер титирөөдөн көз жумгандар катталбаганын айтты. Аймакта окуу бир күнгө токтотулган.
Түркияда жер титиреп, 20дан ашуун адам жабыркады. Видео