БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Афганистанда кырдаал оор бойдон калууда. Согушкерлеринин ЖККУ өлкөлөрүнүн аймагына кирүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Еревандагы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Афганистандагы кырдаал боюнча кеп кылган кесиптештеримдин тынчсыздануусуна кошулам. Абал чынында оор. Ар кандай эл аралык террордук уюмдардын ЖККУ өлкөлөрүнүн аймагына кирүү коркунучу мурдагыдай эле жогору. Борбор Азия мамлекеттеринин калкынын арасында экстремисттик идеологиянын жайылышы аймактагы радикалдык күчтөрдүн активдешүү коркунучун күчөтөт", — деген Путин.
Ал саммитке катышып жаткандарды афган көйгөйү менен биргелешип күрөшүүгө чакырды.
"Афган маселесинин бардык аспектилери боюнча ЖККУнун алкагында мындан ары да тыгыз байланышта кызматташуу керек деп ойлойбуз. Терроризм, экстремизм жана баңги кылмыштарынын коркунучтарын өз убагында аныктоо үчүн компетенттүү кызматтар аркылуу иштеше берүүнү улантуу зарыл. Анан сөзсүз биргелешкен атайын операциялардын жардамы менен бул коркунучтарды жок кылуу керек", — деген РФ президенти.
Путин Афганистандагы кырдаалды турукташтырууга көмөк көрсөтө турганын кошумчалаган. Башкы тапшырма — өлкөдө инклюзивдик өкмөт түзүү.