Нарышкин Садыр Жапаров жана Ташиев менен жолугушууларынын жыйынтыгын чыгарды

Россиялык аткаминер акыркы жылдары РФ Борбор Азиянын атайын кызматтары менен маалымат алмашууда жакшы иштешип жатканына токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, Чалгын кызматынан келген делегация УКМКдагы кесиптештери менен жолугушуу үчүн Бишкекте жүрөт.
"Президент менен кечээки жолугушуу аймактык саясаттын көптөгөн маселелери боюнча Кыргызстан менен Россиянын позициясы бир экенин көрсөттү. Ал эми УКМК төрагасы менен бүгүнкү сүйлөшүүдө буга чейин аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгардык. Биргелешип алып барган иштердеги негизги артыкчылыктарды аныктап, жакын арада эмне кыла турганыбызды сүйлөштүк", — деген Нарышкин.
Ал Россия Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтары менен иштешүүгө оң баа берерин, акыркы жылдары чалгындоо боюнча маалымат алмашуу жаатында жакшы иштер жүрүп жатканын айткан. Анын ичинде террорчулук, диний экстремизм жана баңгизаттардын мыйзамсыз колдонулушуна каршы күрөш жүргүзүү көңүл чордонунда экенин баса белгилеген. Буга Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан Афганистанга жакын жайгашканы себеп экенине токтолгон.
Нарышкин Американын КМШда чыр-чатак чыгаруу аракети тууралуу айтты